- 5.46 MB
- 02:23
- 320 kbps
- 26.08.2026
Турмуш Рустик Акылбеков, Байсел Кадыркулов
Текст песни:
Турмуштун азабы түрттү да тепти
Пайдам тийбеди, барысы кетти
Жалгыздык курчады, калбады эч ким
Сүйлөгөн сөздөрүм болбогон кеппи
Жашап мен жүрөмүн, азапты тартсам
Түнү-күнү мас болуп, кайгыга батсам
Жашоодо жаңылып, адашып жатсам
Күлтанып калгансып, сырымды катсам
Жүрөгүм суусагансып, ыйманды каалап турам
Ниетти түз коюп да, жакшы жашоону курам
Өзгөнү калабаймын, өзүмө көңүл бурам
Башка келген сыноого, шүгүр деп моюн сунам
Айткан сөздөрүм сен үчүн күлкү мүмкүн
Түнкү саат эки-үчтө келбеди менин уйкум
Жатамын ойлор басып, алдыга качан чыгам
Ойлорго толуп калдым, бир эмес, толо түркүн
Максатым бар алдыда, ага да жетер күнүм
Адамды сүйүү кыйын, ырларда менин сүйүүм
Жашоо үч эле күн, эртеңки, кечээ, бүгүн
Калемди колго кармап, өттү го менин түнүм
Жаныма жолобогун, эгер сага жакпасам
Чөнтөгүң толо акча, үйдө бекер жатпасаң
Жаныңда бекем турам, ары-бери качпасаң
Сый-урмат кеңен болсо, сыйлайм мен да, катташам
Өзүңө баары каршы, кайгырба, садагасы
Эмнеге маңайың жок, жашоодон жадагансып
Ойлонбо, жаш элесиң, өз-өзүңдү жеңесиң
Аракет кыла бергин, максатыңа жетесиң
Кыйналба, болду, токто, жүзүңдө күлкү жокко
Турмуштун тартышы да салдыбы сени отко
Турмуштун азабы түрттү да тепти
Пайдам тийбеди, барысы кетти
Жалгыздык курчады, калбады эч ким
Сүйлөгөн сөздөрүм болбогон кеппи
Жашап мен жүрөмүн, азапты тартсам
Түнү-күнү мас болуп, кайгыга батсам
Жашоодо жаңылып, адашып жатсам
Күлтанып калгансып, сырымды катсам